Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон 89 киши катышууда. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев аталган кеңешмеге төрагалык кылууда.
Бул Конституциялык кеңешменин жыйынында Зайырбек Эргешов Баш мыйзамдын тексти орус тилинде жазылып, кыргыз тилине которулгандыгына байланыштуу, кабыл алуу көйгөйлөрү бар, деп билдирди.
“Аймактарда элдер бардыгын кыргыз тилинде кабыл алышат, ошондуктан Конституциянын текстин кыргыз тилинде жазуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек. Мисалы, кыргыздарда адамдар “светтик” деген сөз эмнени билдирерин түшүнүшпөйт, айрымдары аны түз маанисинде свет деп түшүнүшсө, башкалары атеизм деп ойлошот. Ошондуктан биз Конституциянын текстин жазууга олуттуу карашыбыз керек”, – деди Эргешов.
Жыйындын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев бул жолу Конституциянын тексти кыргыз тилинде жазылат, ошондуктан жыйынга тилчи жана лингвисттер чакырылды деп жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ