Menu

Путин: «Орусия АКШ менен мамилесин оңдоону каалайт»

Бөлүшүү:

Президент Владимир Путин Орусия АКШ менен «толук форматтуу кызматташтыкты калыбына келтирүүнү каалай турганын» билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, ал «жеңил болбойт», бирок Кремль мамилелерди оңдоого даяр. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Ошол эле маалда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп расмий түрдө кызматына киришкенге чейин Орусия лидери аны менен сүйлөшүүлөрдү өткөрбөй турганын белгиледи.

АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп шайлоочулардын коллегиясынын 270тен ашык добушун алып, өлкөнүн 45-президенти болуп шайланган. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары анын жеңиши тууралуу жаңылыкты кол чабуулар менен кубатташкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин тарапташтарынын алдында сөз сүйлөгөн Трамп ал үчүн АКШнын кызыкчылыктары «баарынан жогору экенин», бирок калган бардык өлкөлөргө «адилет мамиле кыларын» билдирген.

«Биз душмандыкты эмес, компромиссти, жаңжалды эмес, өнөктөштүктү издейбиз», – деп кошумчалаган Трамп.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: