Menu

Сапар Исаков Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков менен кызматташтыктын келечегин талкуулады

Бөлүшүү:

Сапар Исаков 2-ноябрда, Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Эки мамлекеттин Өкмөт башчыларынын жолугушуусу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны алкагында болуп өттү. Сапар Исаков жана Андрей Кобяков эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Сапар Исаков белгилегендей, Кыргызстан Беларусь менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде бардык маселелер тармагы боюнча мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

«Белорусь санариптик технологияларды ишке киргизүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Биз Кыргызстанда да масштабдуу санарипке өтүү боюнча “Таза Коом” программасын ишке киргизүүдөбүз, анда электрондук экономика жана коопсуздук концепциясы киргизилген», — деди КР Өкмөт башчысы.

Сапар Исаков кошумчалагандай, мамлекеттик орган өкүлдөрү 2017-жылдын июль айында салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун, товарларды маркировкалоону, электрондук эсеп-фактураларды киргизүүнү иликтөө үчүн Минск шаарына барган. Буга байланыштуу Сапар Исаков санариптик экономиканы алдыга жылдыруу боюнча тажрыйба алмашуунун зарылдыгын белгиледи.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков белгилегендей, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын алгылыктуу иш-аракеттеринин натыйжасында кызматташуунун мүмкүндүгү өсүүдө, бирок ал билдиргендей, эки тараптуу кызматташтыктын негизинде товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүү гана эмес, инвестиция жаатында аракетешүүнү өнүктүрүүгө да шарттар бар.

Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2017-жылдын январь-июль 22 млн. АКШ долларын түзгөн, тараптардын пикиринде, колдогу мүмкүнчүлүктөр толугу менен пайдаланылбай жатат.

Андан соң тараптар Кыргызстанда трактор тетиктерин чогултуу өндүрүшүн жана айыл чарба шаймандарын тейлеген борборду кеңейтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле белорус-кыргыз ишкерлеринин байланышын активдештирүү маселлерин талкуулашты.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн Өкмөт башчылары илимий-техникалык жана билим берүү тармактарында активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: