Menu

Текебаевдин туулган күнүнө чогулган акчалар кайда?

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү 2010-жылдан кийин “бузулуп” бул саясий уюмдун катарындагылар ыпылас иштерге барганы далай жолу айтылды. 7-апрелде эл кан жутуп турганда Бишкекти тоноп, партиянын “бучек” чегип жүргөн өкүлдөрү мультимиллионерге айланганы да белгилүү. “Мегаком” боюнча чуу да мына ушулардын айынан чыкты.

“Ата- Мекен” партиясынын былыктарын жашырып, аларды жата калып коргогон Таалайгүл, Искен аттуу юристтер бар. Алар партиянын салтанаттуу кечелеринде акча жасаганды адатка айлантып алышканбы? Маселен, былтыр “Ата- Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев 59 жашка толуп, 22-декабрда туулган күнүн белгилеген эле. Мына ушул салтанатка Таалайгүл айым партия мүчөлөрүнөн акча чогултуп, жолбашчысынын “колун кызытууну” максат кылганы жалганбы? Туулган күн кызыгына жеткенде бу айым Өмүрбек Чиркешовичтин колун кысып, конвертти сунганда ал баш тартып койгонучу? Азыр “Ата-Мекен” партиясынын айрым өкүлдөрү дал ушул акчанын дайынын таппай жатыптыр. «Конверт Чиркешовичке сунулган, бирок чөнтөгүнө кирген эмес эле да…» дешип, «эмнеге кайра аркага кайтпады ал акчалар» – деп «ата мекенчилер» бушайман жеп отуру. Чамасы эки юрист “сөрөйдүн” адаты кармап, аны кымтып алган окшойт го?

Бакыйган партиянын юридикалык жагын көзөмөлдөгөн адамдар ушундай уяттуу ишке барып жатса, ал эми анын көрүнүктүү лидерлери көз боемочулук жасап жатса, булардан кантип жакшылык күтөбүз? Бири-бирине бери караганда колуна суу куюп, ары карай калганда көчүгүнө “суу куйган” партия мүчөлөрү аброй таппайт го, ыя? Же «тазаланалы» деп бири бирине клизма жасап атышабы?

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: