Menu

Артында калбыры бар Сариев саясий “трупка” айланганы калдыбы?

Бөлүшүү:

Мезгил дегениң токтобой зымырык куштай сыза берет экен, көз ачып жумганчалык убакытта дагы бир жылды артка калтырып, жаңы жылдын босогосун бастык. Өткөөл мезгилдеги өтө кыйын күндү баш­тан кечирип жаткан эгемен элибиз мойнуна илинген түйшүгү менен арманын эстен чыгарып, келечектеги чоң үмүттөргө ишеним артып отурат. Алардын бардыгын бирден санабастан бирөөсүнө токтоло кетсек, заманды өзгөртүп, жашоо-турмушту жакшырта турган үмүттүн бири быйылкы жылдагы президенттик шайлоого байланганы баарына маалым. Анда кеп тизгинин ушул маселеден чубайлык.

Жараткандын колдоосу менен түндүк көтөрүп, өз мамлекетибизди түптөгөнүбүз менен аң-сезимдин пастыгынанбы, же алкымдын кеңдигиненби, айтор бүткүл элдин тагдырын чечкен өлкө жетекчисин тандоодо улам мүдүрүлүп, тырмоокту баскандай жаңылып келе жатканыбыз эч кимге жашыруун эмес. Тактап айтканда, мыкты, иш билги, мекенчил, өз элин жан дили менен сүйгөн инсанды такка жеткире албай, жыйырма беш жылдаң бери убара чеккенибиз бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. Албетте, жаңылган иштин кесепети чоң болуп, эки ирет төңкөрүш жасалды. Жаңы төрөлгөн мамлекеттин экономикасына эбегейсиз залакасы тийди. Эң негизгиси, элдин, шейит кеткен жигиттердин үмутү акталбай калды.

Ырас, эл арасында «үмүтсүз шай­тан» деген сөз бар. Анын сыңары, үстүбүздөгү жылдын этегинде дагы бир мүмкүнчүлүк берилип, ишенимди калыбына келтире турган шарт жаралганы туру, мындан эч качан жаңылбашыбыз керек. Ток этээрин айтканда, жогорку такка теминген тың чыкмаларды ийненин көзүнөн өткөрүп, кылдаттык менен сыдырып, дагы бир ирет мүдүрүлгөнгө жол бербешибиз зарыл. Ал үчүн ажолукка талпынган ар бир ноендун баскан изине баам салып, бүткүл элге, мүлдө мамлекетке чыккынчылык жасаган эргулдардын эскисин чубап, тумшугун көтөрбөй тургандай кылышыбыз шарт. Анын башатын бүгункү күндөн баштайлы.

Жамы журтка маалым болгондой, учурда президенттикке жутунган эрендердин ысымдары айтыла баштады, алардын бири жемкорлукка шектелип премьер-министрликтен айдалган Темир Сариев экени ачыкка чыкты. Бул ирет ушул инсан туурасында сөз учугун чубасак, кеп чынынан бузулбайт окшойт. Себеби Сариев боюнча айта турчу нсрсе жыйырма беш жылдык тарыхта жетиштүү экен. Анда алгач элге, мам­лекетке жасаган жакшы иштеринен баштасак, Акаевдин заманында Айдардын жакын досу катары борбордун чок ортосундагы имаратты менчиктештирип, азыр өлкөгө салык төлөп жатыптыр. Экинчиси, Ф.Кулов уюштурган «Бириккен фронт» деген митингди милиция кууган кезде жан сакчылардын ортосунда кыйкырып туруптур. Мындан башка ооз толтуруп сүйлөп, көкүрөк кере мактанып, сугубуз түшүп суктанып айткыдай мыкты иши жок экен.

Ал эми артынан ээрчиген чуулгандуу сөздөр көп жүрөт. Маселен, «Чүйдүн жерин сарттар басып алды, оштуктарды кууйбуз» («Азия ньюс») дегени эл арасында кеңири айтылып келүүдө. Арийне тарыхтын тамырында катылган башка фактылар оркоюп чыкпаса, муну атаандаштар чыгарган ушак деген таризде кол шилтеп койсок бо­лот эле. Дегенибиз, Темикең бир нече азаматтын өмүрүн жалмаган Үзөңгү-Куушка добуш берип, кыргыз жеринин кертилишине салым кошуптур. Бул эч качан, кылымдар бою кечирилбей турган нерсе. Мындай калпыстык кетирген кишини мамлекеттин башына чыгаруу өтө опурталдуу. Депутат катары кыргыздын жери бөтөн өлкоөгө кетишине салым кошкон адам эртең президент болсо не кылат? Демек бул жерде ойлоно турган маселе бар.

Кызыгы, «үйрөнгөн адат калабы» дегендей, Аргенбаевич премьер-министрлик кызматка жетери менен Үңкүр-Тоо чатагы тутанды. Буйрукка кол койгону айтылып, эки өлкөнүн ортосунда «чуу» чыгып, азабын жергиликтүү калк тартты. Арыресе, элдин бактысына жараша, коңшу өлкөдө күтүүсүз бийлик алмашып, иш убактылуу токтоду. Бирок учуру келгенде бул көйгөй сөзсүз козголот, бармакты тиштей турган мезгил келет. Анткени Үңкүр-Тоо чатагына Са­риев «иттин өлүгүн көмүп» койгон, эртеби-кечпи кайра тутанат. Ошол күн келгенге чейин алакан жайбастан даяр турушубуз керек.

Мындан сырткары, премьер- министрликтен коррупциялык шек менен четтетилди. Тагыраак белгилесек, Балыкчы-Корумду жолун куруудагы тендерди «жең ичинен» өткөргөнү, жемкорлукка жол бергени жумурай журтка мамлекеттик ММКлардан маалымдалган. Жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, азыркы учурда «Чубактын кунундай чубалып» жаткан кези. Эң эле ыплас ишти Темикең мыкаачы Бакиевдердин убагында жасаганын эч кимден жашыра албайбыз. Билесиңер, 2009-жылы ажалга тике карап, канжыгага башын байлаган оппозиция өкүлдөрү бир лидерге башын кошуп, кандуу режимге каршы аттанган кезде Сариев тымызын «былгытып», добушту бөлө тарткан эле.

Айтор буларга кошуп майда-чүйдөнү тизсек, толгон-токой сөз болчудай. Кыскарта чаап ток этээрин айтканда, ушундай калбыры бар ки­ши кантип президенттикке аттанат? Пенделикке салып чамына бербей, эл-жердин убалынан коркуш керек да акыры. Туурабы?

Булак: “Де факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: