Menu

Криминалдык кагылыштан өлгөн маркумдар жана Эркин Мамбеталиев…

Бөлүшүү:

Уландысы

2003-жылы жайында Рустам Габбазов 7-8 жансакчысы, жана 2 киллери менен Москвадан Кыргызстанга учуп келет. Андан ары Көлгө эс алганы жөнөйт. Казакстандык айрым кримавториттер Рустам ме­нен жолугат. Алардын жолукканын билген Рысбектин балдары топтоло баштаганда, жергиликтүү мили­ция кандуу кагылышка жеткирбей Рустиктерди кармашат. Бирок көп өтпөй жогору жактан буйрук келип, милициялар Рустиктерге 100 граммдан сунуп, куурдак кууруп берип “алдынан” өтүшөт. Айдар Акаев менен Журат Закиров экөө Чолпон-Атага келишип Рустик ме­нен чардашып, сүрөткө түшүшүп, көптөгөн маселелерди чечишкен, айрым адамдардын тагдырын да­гы. Ал учурда Рысбек катуу изде­лии жаткан. Субанбековдун министрлиги болгон кылмыштарды Рысбектин кылмыштуу тобуна жүктөп турган. Бирок ошол кездеги милициянын айрым чоңдору Айдар команда берген кылмыштуу топторго тийген эмес. Айдарда да­гы ошол кездеги айрым милиция чоңдорунда мекенчилдик сезими жок болчу. Бирок бул кылгандардын баарына жооп берчү күндөр да келе жаткан..

Мындан көпкөндөн Азиз Батукаев башында турган чечендер кьшмыштуу тобу көпкөн. Сырттан келген Арсанов, Эртинхаев, Бауди Мацаев сыяктуу боевиктер менен чечен тобу күч алып, кыргыздарга кордук көрсөтө башташкан. Кээ бир казино, ресторандарга кирип барып автомат менен шыпка аткылашып кутурушкан. Айдардын Рус­тик менен жакындыгын байкаган кээ бир кыргыз кримавторитетгер Рустамдын тобуна кошула баштаса, кээ бири Азиз Батукаевдин кылмыш тобуна кошула баштайт. Аларга каршы Рысбек Акматбаев баштаган кыргыз спортсмендери айыгышкан катуу каршылык көрсөтүп, Кыргызстанда кыргыз гана кожоюн экенин далилдешти. Би­рок ага чейин бир тарапта Рустам Габбазов жана анын союздашы Азиз Батукаев, бир тарапта Рысбек Акматбаев жана анын кашкөй жигиттери.. Бир тарапта бийлик жана акчага сатылган милиция чоңдору, бир тарапта кыргыз деген Улуттук коопсуздуктун чекисттери…  Алдыда эки тарапты боо-боо болуп кырылган кандуу кармаштар күтүп турган…

АВТОМАТТЫН, ПИСТОЛЕПИН ҮНДӨРҮ ЖАҢЫРГАН КАНДУУ 5 ЖЫЛДЫК

Криминалдык кагылыштан өлгөн маркумдар жана Эркин Мам6етадиев… (2-бөлүк)

Автоматтын, пистолеттин үндөрү жаңырган кандуу 11 жыл…

Негизи кыргыз кылмыш дүйнөсүндө 1994-жылдан 2006-жылга чейин эң кандуу кармаштар болгону белгилүү. Чаламандын чак түшүндө атып кетмейлер дал ушул 11 жылдын ичинде орун алды. 2000-жылдан 2005-жылга чейин 25(!) буюртма киши өлтүрүү болгон. Буюртма өлүмдөрдүн экинчи агымы Бакиевдин доорунда болуп, анда дагы Рысбек, Баяман сындуу жалаң кыйындар баш­таган 25ке чукул киши буюртма өлүмдөн оо дүйнө кетишкен. Кыр­гыз кримдүйнө көзүрлөрү болгон Рысбек Акматбаев, Азиз Батукаев жана башында Рысбектер менен жүрүп, кийин ага каршы чыгып кол салууга чейин барган Камчы Көлбаев дагы эки сапар өлүмдөн аман калган. Камчы сыяктуу, Рысбекти да биз билгеиден Кыргызстанда эки сапар ажал тооруган (билбеген канчалаган кол салуу болду дейсиз). Рысбекти биринчи жолу 1996-жылы Бишкектеги “Тянь-Шань” ресторанынан чыгып келе жатканда гранатомет менен атышкан. Бул кол салууну такталбаган маалыматтарда (!) кадимки Урмат Барыктабасов уюштурган деген кеп жүрүп келет. Экинчи сапаркысында, 2000-жылы Рысбек Чолпон-Атадан кайтып келе жат­канда азыркы “вор” Камчы Көлбаев кол салып, криматалыктын эки жансакчысын атып салган, бутуна ок тийген Рысбек камышка кирип жашынып аман калган. Дагы бир тактала элек маалыматта, ошол кол салууда Камчы Көлбаевдин досу Алтынбек Курманалиев да болгон дешет. Эгерде бул маалымат чын болгон болсо, анда биринчи жолу жарыкка (!) чыгып жатат. Бул атыштан кийин Камчы камалат, камалып тим болбой, Рысбектин Ысык-Ата районунда чечен боевиктерин кандай жайлаганы боюнча тергөөдө айтып да, жазып да берген деп жүрүшөт. Чын-бышыгын ким билсин. Негизи Камчы Рысбек менен жолу экиге айрылаардан мурда анын тобунда жакын тууганы катары маанилүү орду бар эле, мисали, Камчы Бишкектсги обменкаларды карачу. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам өзүнчө кеткен. Камчы менен бөлүнгөндөрдүн көбү убагында аны менен чогуу жүргөндөр эле. Алтынбек Курманалиев Рысбектин каарынан коркуп, көбүн эсе Москвада качып жүргөн. 2004-жылы Кыргызстанга кайтып келет. 31-март күнү кечинде “Штайнброй” кафесинде достору менен эс алып отурганда белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. “Ысык-Көл” санаторийинин жетекчисинин уулу болгон Ал­тынбек Курманалиевдин өлүмү бийликтин башкы жетекчилигинде чоң чуу жаратат. Тунгуч прези­дент Аскар Акаев Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында Алтынбек Курманалиевдин өлүмү боюнча маселе көтөрүп, аны аткандарды аткыла деген тапшырма коёт. Акаевдин тапшырмасы дагы башка кишилердин башын жейт. Анын ичинде Чыныбек Алиевдин дагы, ага чейин биртике артка кайталы.

Рысбекке жалгыз эле уйгур, че­чен топтору каршы болгон эмес. Кримдүйнөдөгү таасир талашуу үчүн айрым спортсмендер топ­тору жана дагы бир күчтүү Талас аймагынан чыккан жигиттерден куралган кримтоп да тизгин талашкан.Бирок башымда алар дагы чечен, уйгур топторуна каршы чогуу күрөшкөн. Ал топтун башчыларыиан бири Нуркул Асылбеков болгон.

Семетей Талас уулу, эркин журналист

уландысы бар

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: