Menu

КР Өкмөтү: Ноокат районундагы 130 га жер Өзбекстандын жаранына сатылды деген маалымат – чындыкка дал келбейт

Бөлүшүү:

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 130 га жер тилкеси Өзбекстан Республикасынын жаранына сатылган эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кат түрүндө маалымат берди. Мындан сырткары Ноокат райондук администрация башчысы-аким Бекболот Айтиев менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Жармамат Юлчиев да жер тилкеси сатылбагандыгы тууралуу маалыматты тастыктаган документтерди жөнөткөн.

Эскерте кетсек, 12-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында ар кандай маселелерди кароо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 130 га жер өзбек жарандарына сатылганы боюнча маалыматтын чын-төгүнүн билүү боюнча Өкмөткө кайрылган.

Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматына ылайык, Жаңы-Ноокат айыл аймагы Өзбекстан Республикасы менен чектешпейт. Аралыгы 100 км алыс жайгашкан. Ал жакта өзбек жарандыгы бар бир да атуул жашабайт. Учурда улуттар аралык мамилелерге тескери багыттар, өз ара мамилелердин келишпестиги боюнча маселелер боюнча укук когоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: