Menu

Балбак Түлөбаев: “Бишкектеги жаңы конуштардагы документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырабыз”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу акысыз болорун айтып чыкты. Жана ал акча чогулткула дегендерге ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-декабрда Фейсбук баракчасында жазды.

Бишкектеги жаңы конуштардагы документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырабыз. Бул бекер болот, акча чогулткула биз чуркайбыз дегендерге ишенбегиле. Кызыл китеп алаарда гана банкка акча төлөйсүздөр. Башка төлөмдөр болбойт“, – деп билдирүү жазган Түлөбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Балбак Түлөбаев мөөнөтү бүткүчө жаңы конуштагы жерлерди мыйзамдаштырып кетээрин айткан. Ошондой эле мэрдин милдетин аткаруучу кызматынын мөөнөтү аяктагандан кийин, ал кайрадан Бишкек шаарынын мэри болууга ниети жок экендигин айтып чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: