Menu

Видео – Турсунбай Бакир уулу: “Адахан Мадумаров 200 миң доллар сураганы чын, Куран кармап ант берем”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Адахан Мадумаров тууралуу өз оюн айтып берди. Белгилей кетсек, буга чейин эки саясатчынын ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып келген.

Турсунбай Бакир уулу Адахан Мадумаров алдыдагы тизме үчүн 200 миң доллар сураган деп айтып чыккан. Эми ал бул чындык экенин далилдөө үчүн Куран кармап ант берүүдө.

“200 миң доллар жөнүндө калп айтып жатасыз деп жатышат. Биринчи орунга мен чынчылдыкты коем. Акча жөнүндө сөз болбосо, силерге менден бир суроо: Эмне үчүн менин алдыма олигархтарды, коррупционерлерди коюп, мени жылдырып салып жатат? Акчадан башка бир себеп барбы? Эмне үчүн мен тизмеден чыгып кетип жатам? Мен чындыкты айткандан кийин, Адахан Мадумаров текеберленип, мени партиянын тизмесинен чыгарып салды. Куран кармап ант берем. 200 миң доллар жөнүндө Адахандын кабинетинде сөз болгон. Ошол адамдарды кошуп, сизди жылдырабыз деп мага айтышкан. Мен мындай акча таба албаймын, мени тизменин аягына койгула, мен иштеп берем деп айткам”, – деди Бакир уулу.

https://youtu.be/Bdl3xI2t9DI

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: