Бүгүн, 3-ноябрда КР Жогорку Кеңешинде КСДП, “Кыргызстан” жана “Бир бол” фракциялары биригип, жалпы саны 68 депутаттан турган жаңы башкаруучу коалицияны түзүштү. Бул тууралу бүгүн парламенттин отурумунда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Жаңы көпчүлүктүн лидери болуп да Иса Өмүркулов шайланган.
Жаңы түзүлө турган өкмөттүн курамында кайсы фракцияга канча министрлик берилгени тууралу маалымат жана коалициялык келишимдин тексти али жарыялана элек.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин КСДП, “Ата-Мекен”, “Өнүгүү” жана “Кыргызстан” фракцияларынан турган башкаруучу коалиция октябрдын соңунда ыдырап кеткен.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ