Menu

Назарбаев бийликти мураскорго өткөрүп берүүнү көздөбөйт

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Bloomberg агенттигине берген маегинде бийликти мураскерге өткөрүп берүү оюнда жок экенин билдирди.

– Бийликти өткөрүп берүү жол-жобосу Конституцияда жазылган. Баары мыйзам чегинде болот. Балдарымды мураскер катары караштырган жокмун. Бул бизге ылайык келбейт, – деди Назарбаев Bloomberg журналисттерине берген маегинде.

Казакстан президенти 2020-жылга чейин иштөөгө ниеттенип жатканын айтты. “2020-жылы сиздер менен дагы жолугабыз”,-деп жылмайды Назарбаев. Өлкө башчы азырынча жаңы президенттик мөөнөт туурасында сөз кылуу эрте экенин, баары анын ден соолугунан жана Казакстан калкынын колдоосунан көз каранды экенин кошумчалады.

Bloomberg агенттиги аймактагы үстөмдүк үчүн күрөшүп жаткан, Кытай менен Орусиянын ортосунда жайгашкан, энергоресурстарды өндүрүү боюнча алдынкы орунда турган Казакстан үчүн бийликти өткөрүп берүү жагы өтө татаал экенин баса белгилейт. Так маселеси Өзбекстанды 1989-жылдан бери жетектеген, тунгуч президент Ислам Каримов өлгөндөн кийин жигердүү талкуулана баштады.

76 жаштагы Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери башкарып келет. Конституцияга ылайык, Назарбаев каалашынча президенттикке талапкерлигин коё алат, чектөө жок. Ал “Улут лидери” макамына ээ. Буга ылайык, өлкө башчылыгынан кеткенден кийин дагы президент болуп турганда жасаган кылмыш иштери болсо жоопкерчиликке тартылбайт. Кол тийбестик кепилдиги анын мүлкүнө жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: