Menu

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жаңы 450 учур катталды. Жалпы саны 8141

Бөлүшүү:

Кыргызстанда бүгүн, 7-июлга карата коронавирус жуктуруп алган жаңы 450 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 8 141 адамга жетти. “Акыркы сутка ичинде илдет табылган 450 адамдын баары оорулуулар менен байланышта болгондор. Сырттан келген учур катталган жок”, – деди ал.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек ш. – 229
Чүй облусу – 84
Ош ш. – 32
Ош облусу – 23
Жалал-Абад облусу – 47
Баткен облусу – 10
Ысык-Көл облусу – 13
Нарын облусу – 11
Талас облусу -1.

Ал эми бул илдеттен 73 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2916 бейтап айыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: