18-март күнү түнкү саат 12 жарымдарда Бишкекте жашап, жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жүргөн пакистандык студент квартирасында уктап жатканда үч кыргыз бала кирип барып, таяк менен чаап коркутуп ноутбук, телефон өңдүү кымбат баалуу буюмдарын тартып алып көздөн кайым болушкан. Жабыркаган пакистандык студент милицияга кайрылган. Кечээ 19-мартта окуяга шектүү үч бала колго түшүп, камакка алынды. Кармалгандар 1997-1999-2001-жылы туулган жаш балдар экени белгилүү болду.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ