Menu

АКШ Конгресси демократтардын жашыруун меморандумун жарыялоону чечти

Бөлүшүү:

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын чалгындоо иштери боюнча комитет мүчөлөрү Демократиялык партиянын эксперттери тарабынан даярдалган жашыруун меморандумду жарыялоо сунушун колдошту.

Буга чейин республикачылар ФБР Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Картер Пейждин сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат сураган маалда, шектенүүлөр Демократиялык партиянын каржылоосу менен даярдалган маалыматтардын негизинде түзүлгөнү тууралуу сотко кабар бербегендигин билдиришкен.

Конгресс кызматкерлеринин айтымдарында, демократтардын меморандумунда ФБРдин тыңшоого уруксат суроосу боюнча кошумча маалыматтар келтирилип, сот атайын кызматтын маалыматтарынын бир бөлүгү кайсыл булактардан алынгандыгы тууралуу кабардар болгондугу тууралуу айтылган.

Чалгын иштери боюнча комитеттеги демократтардын башчысы Эдам Шифф республикачылар атайын прокурор Роберт Мюллердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууга аракет кылып жатышат деп эсептейт. Мюллер Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн жана талапкер Дональд Трамптын айланасындагы адамдардын орусиялык өкүлдөр менен байланышын иликтөөдө.

Демократтардын меморандумун жарыялоо боюнча акыркы чечим Ак үй тарабынан кабыл алынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: