Menu

Бишкекке жети багыттагы метро курулабы?

Бөлүшүү:

Коомчулуктун Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга болгон жана өкмөткө карата жек көрүү сезимин башка маселеге буруп, алагды кылалы деп жатышабы же чындап эле ушундай планы барбы, кыскасы өткөн жумада шаар бийлиги келечекте метро куруу планын жарыя кылды. Болгондо да бул долбоор бир айдын ичинде кабыл алынып калышы мүмкүн экен. Бирок ЖК депутаттары бул документ дагы деле чийки экенин айтышууда. Себеби пландын кечеңдегени баягы эле атың өчкүр коррупцияга жол ачып жатканы да белгилүү болду (буларың өлүп баратса да жеп өлөлү дешет турбайбы). Эгер мэриянын ушул коммунизм курулат дегендей жомокко окшош долбоору ишке ашып калса, түндүктөн Жибек Жолу, түштүк жагынан Ахунбаев көчөсү, чыгыш жагы­нан Курманжан Датка – Шабдан Баатыр көчөлөрү (мурдагы Алма­ты көчөсү) жана батыш жагынан Садырбаев – Фучик көчөлөрүндө, жалпысынан алты же жети багыттагы метро курулат экен. Албетте, азыр түшүбүзгө да кирбеген метро курулуп калса жакшы деңизчи. Тилекке каршы бир метрден эле суу чыгып кеткен Бишкектин түндүк тарабында жерди 100-150 метр терең казуу керек болгондуктан, метро эмес, жер өткөөл салуу да өтө көп каражатты талап кылары белгилүү. Бирок бул ири долбоорго канча каражат кетери, ал акча кайдан алынары жана качан ишке ашары тууралуу кагаздагы документте да, сунушталган тааныштырууда да бир ооз айтылган эмес. Демек…

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: