Академик Сабырбек Жумабеков медицина кызматкерлери сегиз жыл окуп, сегиз миң сом айлык алып жатканына ичи күйөрүн айтты. Дарыгер өзү министр болуп турганда медиктердин маянасын 1700 сомдон 5 миң сомго көтөргөнүн «Спутник» радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, өзү бир убакта 5 жерде иштеп, 100 миң сомдун тегерегинде айлык алат. «Мен директор катары 20 миң сом айлык алам. Илимдин доктору катары 1800, академик болгонум үчүн стипендиям 12 миң сом, андан сырткары, төрт жогорку окуу жайында студенттерге лекция окуйм. Ушулардын баары биригип, 100 миң сомдун тегерегинде болот» деди Жумабеков.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ