ЖК депутаты Акылбек Жапаров жакында «Дамаск» ресторанында жакындары менен санаалаштарын чакырып,жайыл дасторкон жайып, бешик той берди. Келгендер жакшы куттуктоолорду айтышып, бешик боосу бек болсун тилегин айтышты. Бирок Акылбек байкебиз 50 жаштан өткөндө наристени ага 20 жылдан ашуун бирге жашаган жеңебиз тартуулаганбы же мансап алаканга конуп, байлык ашып-ташып турганда депутат кыргыз аткаминерлеринин көнүмүш салтына ылайык төшөк жаңыртып, жаш сулууга азгырылганбы, ал жагы бизге угулбады. Эмнеси болсо депутаттын
кыргыздын санын көбөйткөнүнє ыраазы болдук.
Булак: “Жаңы Агым” – пресс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ