Menu

Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Талас жана Жалал-Абад облустарына барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Бүгүн, 24-июлда, Өкмөт башчы Талас облусуна барат. Ал инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Тактап айтканда, Премьер-министр Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн абалын, Талас районунун Жон-Арык айылындагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү жана Кара-Буура районуна караштуу Коргон-Сай айылындагы орто мектептин абалын көрөт. Мындан сырткары Өкмөт башчы ички жолдордун абалы жана Талас районундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков, жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусуна барып, Ала-Бука районундагы Иштамберди участкасында жайгашкан «Фулл голд майнинг» алтын өндүрүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Эртен, 25-июлда, Өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы ички жолдордун абалы, айыл чарба объектилери, социалдык жана инфраструктуралык курулуш тармактарынын ишмердүүлүгүн көрүп чыгат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: