Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, наристени сактап калуу үчүн Оштогу облустар аралык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери колдон келген аракетин жасаган. Бирок, наристе өзүнө келе албай, көз жумган.
– 24 жаштагы апасы өз баласын комага түшүп калгыча сабаган. Наристенин акыбалы абдан оор болуп келген. Ички органдары бүт жабыркап, денеси бүт көгала экен. А түгүл баш мээсине дагы кан куюлган. Баланы ооруканага апасы өзү алып келген. Токмоктогондугун жашырып, “тепкичтен кулап түштү” деп жалган маалымат жайылткан, – деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков ошондой эле шектүү келинге карата башында Кылмыш жаза кодексинин 234- беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин, наристе каза тапкан соң, “адам өлтүрүүгө” айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгендигин дагы кошумчалады. Камакка алынган эне күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен, баласын өзү жалгыз тарбиялап келген.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ