Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл аймагында 2018-жылдын 13-февраль күнү Баш-Кайыңды айылынан 1974-жылы туулган Т.У.Ж. жана 1976-жылы туулган С.А.Ы. атчан Ат-Башы айылына барышып, кайра Баш-Кайыңды айылына С.А.Ы. гана кайтып келген. Ал эми Т.У.Ж. дайынсыз болуп, айылга минген аты гана келген.
2018-жылдын 13-февраль күнү саат 22:25де издөө иш-чараларын жүзгүзүүгө КР ӨКМнин №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылып, иш-чаралар 2018-жылдын 14-февраль саат 01:30га чейин жүргүзүлүп, убактылуу токтотулган.
14-февраль саат 09:00дө күнү издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Ат-Башы райондук №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз болгон Турдалиев У. Ат-Башы айылында тууганынын үйүндө түнөп калгандыгы аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ