Menu

Абдылда Иманкулов, куудул: “Базарчылар менен бандиттерге караганда маданият өкүлдөрү депутат болушсун!”

Бөлүшүү:

– Эмне менен алексиз? Шайлоого карата иштебей эле окшойсуз, көрүнбөй калдыңыз…

– Мен бир эмес эки партияны колдоп, элди аралап жүрөм. Алар «Бүтүн Кыргызстан» жана «Мекенчил» партиялары. Убакытка жараша кээде чыгып сүйлөп калам. Бирок, өзүңүз байкагандай, үгүт иштерине биринчи күндөн тарта катышкан жокмун. Ден соолугума байланыштуу сентябрдын башында ооруканага жатып калгам, жакында эле чыктым. Ооруканада жатып, элге видео кайрылуу жасасам, жарым миллион эл көрүп, бир жарым миң адам каалоо-тилек айтыптыр. Эринбей отуруп, ошонун ар бирин окуп чыктым, арасынан 2-3 гана адам туура эмес пикир калтырганы болбосо, дээрлик баардыгы менин айткандарымды колдоп, жылуу сөздөрүн жазышыптыр. Ошондо мен эл тарапта экениме дагы бир жолу ишендим.

– Шайлоого аттанган партиялар, талапкерлер боюнча коомчулук кандай пикирде болууда?

– Парламенттин жетинчи чакырылышына сөзсүз оппозициялык партиялар келиши керек. Аймактарда элдин аларды кабыл алуусу жакшы, эгер бийлик бут тоспой, калк келечекти ойлоп добуш берсе, чыныгы оппозиция шайлоодо жеңишке жетишет.

– «Сөзсүз утат» делген үч партия боюнча эмне айта аласыз?

– Азыр жарым миллионго жакын адам «форма-2» менен катталганы айтылып жатпайбы? Эгер бул маалымат чын болсо, бийликтин үч партиясы биринчи келиши мүмкүн. Бирок, мунун арты жакшы бүтпөй калышы ыктымал. Себеби, адамдардын маанайы мурдагыдай эмес, буга чейинки шайлоолорго караганда элдин көзү ачылып калды. Бир дагы шайлоо мынчалык балит болгон эмес, азыр ачыктан-ачык акча таратмай, бири-бирине басмырлоо болуп жатат. Муну ар бир айыл эли көрүп, жонтериси менен сезүүдө.

– Демек, «бул үч партияны эл колдобойт» деген ойду айткыңыз келдиби?

-«Таптакыр колдобойт» дебейм, колдогондор бар. Бирок, мурда бийликтин партиясынын парламент же келери алдын ала эле билинип турчу. Азыр андай эмес. Ошол бийликтин үч партиясын барган жерлеринде кабыл алуу анча эмес.

– Ушул шайлоого маданият өкүлдөрү көбүрөөк аралашып жаткандай. Алар эмнеге депутат болгулары келишет?

– Тескерисинче, маданият адамдары азыркы шайлоого аз катышты. Кээ бир партиялардын тизмесинде чыгармачыл адамдар бар. Кечээ шайлоо башталарда айрым билермандар «маданият адамдары парламентке барып эмне кылышмак эле?» деп сүйлөп жатышкан. Азыр ошолор чыгармачыл инсандардын эл алдында сүйлөгөнүн угуп, «булар да Жогорку Кеңешке барса болот экен» деген түшүнүктө калышууда.

– Бирок, алгач эки-үч ырчынын талапкер болгонун көптөр жактырышкан жок да…

– «Эл жактырбайт» деген сөз туура эмес. Маданият кызматкерлеринин накта бизге окшогондору азыр мамлекет башкарып отурат. Муну тарых далилдеди. Базарчыларга, соодагерлерге, коррупционерлерге, бандиттерге депутат болгон жарашат да, а маданият кызматкерлерине окшошпойбу?! «Буларга болбойт» деген байлардын, көпөстөрдүн тилин алып отуруп, көргөн күнүбүз ушул болуп жатпайбы! «Жаштар келсин» дегендер арбын, бирок жаштардьі, кыйындарды деле көрбөдүкпү, Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев – булар жаш балдар болчу да. Азыркы катуу кыйкырып жүргөндөрдүн ким экенин жакшы билебиз. 2010-жылы Ата-Бейитте өңгүрөп ыйлап, көздөрүнөн кан аралаш жаш агызып, «Манас атанын арбагы урсун!» дегендердин бийликке келгенине он жыл болду го? Ошол эл бузар, журт бузарлардын кызматта отурган он жылдын аралыгында өлкөнүн карызы эки эсе өскөнүн көрбөй турабызбы?..

Анархан Алтымышева

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: