Menu

Рыскелди Момбеков, депутат: “Өкмөттүн шалаакылыгынан таажывирус менен күрөшө турган 98 врач бүгүн өмүрү менен күрөшүп калды”

Бөлүшүү:

“Өкмөттүн шалаакылыгынан таажывирус менен күрөшө турган 98 врач бүгүн өмүрү менен күрөшүп калды” – деп билдирди бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков.

Ал кесиптештерине кайрылып, ушундай убакта өкмөт мүчөлөрүнө жан тартпастан, карапайым калкты дагы аяп коюуга чакырды.

“Ар бир дарыгерге 200 миңден кенемте пул дейт. Бул деген келеке пул да. Анан дагы комиссия түзөбүз дейт. Комиссияңарды токтоткула. Комиссия түзүп, ар бирин иликтеп чыга тургандай бул силерде Дача-СУ эмес да. Врачтар ыйлап жатат, ыйлаган врачтарды кечирим суратып жатасыңар. Убакыт келет, баарыңар эл алдында кечирим сурайсыңар. Вирус бар болсо, вирустун артында минус бар. Минустун артында чоң саясат бар” – деп билдирди депутат.

“Силер өзүңөр саясатка аралаштырбагыла деп айтып жатасыңар. Саясатка өзүңөр аралаштырып жатпайсыңарбы! Өзүңөр “киргизка” деген кыздарга сөктүрүп жатпайсыңарбы” – деп айтты депутат.

Ал депутаттарга кайрылып, жыйынды эмес, таажывирусту, аткезчилик менен коррупцияны токтотуу керектигин айтты.

“Биз жооп берүүдөн качкан жокпуз. Жооп беребиз, маселе жок. Өзүңүз айтмакчы, бирөө бирөөнү күнөөлөбөй, эл менен чогулуп туруп таажывирусту жеңгенге баралы. Кудайдын алдында ар кимдин жообу бар. Баарыбыз жооп беребиз. Өкмөт кырсыктарга каршы турууга колунан келген аракетин жасап жатат. Буга чейин да кылды” – деп жооп берди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ошондой эле, Кубатбек Боронов ар бир эпидемиялык очок чыккан сайын мыйзамга ылайык, эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлөрүн айтты.

“Анын себебин аныктабаса, аны менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан иликтөө жүргүзүлөт. Башка бирөөнүн аброюна шек келтирип, же бирөөгө кыянаттык жол менен иликтөө жүргүзүү маселеси турган жок” – деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Ал жалган маалыматтарды тараткандар жазасын аларын айтып, таажывируска каршы күрөшүү иштерин жыйынтыктагандан кийин күнөлүүлөрдүү териштирүүгө чакырды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: