Menu

Бишкекте милиция кызматкерлерин уят сөздөр менен ашата сөккөн кыз 3 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Борбор калаада милиционерлер менен урушуп, ашата сөккөн кыз үч жылга кесилип, бирок мунапыс менен бошотулган. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Бишкек шаарынын тургуну күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, ал 11-апрелде базарга барган. Эмнеге милиционерлер аны токтотушканын түшүнгөн эмес, анткени милиция кызматкерлери аны менен мамлекеттик тилде сүйлөшүп, колун кармап, документтерин талап кылышкан. Кыз жакын жерде жашагандыктан, жанында паспорту жана каттам баракчасы жок экендигин айткан. Ушундан кийин ал алар менен уруша баштаган, анткени кызматкерлер аны колунан тартып, ачуулантып, камерага тартып башташкан.

Ал стресстик абалда болгондуктан, милиция кызматкерлерин басынтып, уят сөздөр менен сөккөндүгүн мойнуна алган.

Сот аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок, мунапыс колдонуп, аны эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотту.

Эске сала кетсек, быйыл 11-апрелде милиция кызматкерлери Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде бетинде медициналык бет кап жок бараткан кызды түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн токтотушкан. Бирок кыз уят сөздөр менен тилденип баштаган, милиционердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, өзүн агрессивдүү алып жүргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: