Menu

Ысык-Көлдө күндүзгү стационарлардын бардыгы жабылды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусундагы күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу облустук штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, 1655 орундуу 119 күндүзгү стационар ачылган. Учурда алардын бардыгы жабык.

Бейтаптар поликлиникаларга кайрыла алышат.

Учурда облуста 6 оорукана, 6 үй-бүлөлүк медицина борбору, 2 жалпы медициналык практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 120 фельдшердик-акушердик пункт бар.

Облустун медициналык мекемелеринде 740 дарыгер жана 2144 медайым иштейт. Башка аймактардан 52 дарыгер келген.

Райондук жана аймактык ооруканалар кычкылтек станциялары менен камсыз болушкан. 1014 кислороддук концентратор бар, анын 593ү ооруканаларда, 421и күндүзгү стационарларда. 19-рентгендик аппараттар, анын ичинен 4ү көчмө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: