Бүгүн, 18-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 425 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 110, Ош шаарынан – 13, Чүй облусунан – 117, Ош облусунан – 50, Талас облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 55, Жалал-Абад облусунан – 35, Баткен облусунан – 29, Нарын облусунан – 8 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 67 894 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 531 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 58 846га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 146, Ош шаарынан – 15, Чүй облусунан – 93, Ош облусунан – 69, Ысык-Көл облусунан – 51, Жалал-Абад облусунан – 71, Баткен облусунан – 59, Нарын облусунан – 10.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам: Бишкек шаарынан – 1, Талас облусунан – 1, Чүй облусунан -1, Жалал-Абад облусу – 1, Ош облусу – 1 каза болду. Жалпы саны 1212ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ