Menu

Динара Исаева, ЖК депутаты: “Азыр интернетте тараган сүрөттөн Даниярдын өзүн эле көрүп турам, бирок биз 8 жылдан бери чогуу жашабайбыз”

Бөлүшүү:

Парламенттин депутаты Динара Исаева мурдагы күйөөсү, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, азыр издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Исаева Үсөновду 2010-жылдан бери көрө электигин маалымдады.

– Мен анын кайда экенин билбейм. Биздин чогуу жашабай калганыбызга сегиз жыл болду. Мурда дагы аты-жөнүн өзгөртүп алыптыр деп жазып жүрүшкөн. Мен анда жөн эле жазып жатышат го деп ойлогом. Азыр интернетте тараган сүрөттөн Даниярдын өзүн эле көрүп турам. Бирок жаман же жакшы деп айта албайм. Ага 2010-2011-жылдары жолуккам. Мен Кыргызстанга келдим, ал башка жакка кеткен, – деди Динара Исаева.

Беларус медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырганын, бирикменин директору болорун билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Беларуска нота жөнөттү.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик ыңкылаптын катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Кыргызстандан чыгып кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч бир жерде чыккан эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: