Menu

Армения ЖККУнун (ОДКБ) Генералдык катчысын камайбыз деп Россиянын шаштысын кетирүүдө

Бөлүшүү:

Жума, 27-июль күнү Армениянын тергөө кызматы Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун -ЖККУ (ОДКБ) Генералдык катчысы Юрий Хачатуровду күбө катары суракка чакырып, 2008-жылдын 1-мартындагы Ереванда нааразычылык акциясына чыккан элди кууп-таркатуу боюнча “Конституциялык түзүлүштү төңкөрүү” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагындагы сурактан кийин ага айып тагып, камакка алууну талап кылган.

“Юрий Хачатуров 2008-жылы Армениянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат кылып жүрүп, жарандардын бир тобу менен биригип, 2008-жылы Армениядагы президенттик шайлоодон кийин нааразычылык акциясына чыккандарды мыйзамсыз кууп таратып, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн төңкөргөн”, – деп айыптаган Армениянын тергөө кызматы Юрий Хачатуровду камоо талабы менен сотко кайрылган.

Кечээ, 28-июль күнү Еревандын соту Юрий Хачатуров күрөөгө акча койгондон кийин аны үй камагына чыгарган.

Ошол эле күнү Армениянын тышкы иштер министри ЖККУнун Генералдык катчысын алмаштыруу боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Армениянын Тышкы иштер министри Зограб Мнацканянга телефон чалып, ЖККУнун генералдык катчысын артка чакырып алуу жолдору боюнча сүйлөшүшкөн. Россия тарап ЖККУнун генералдык катчылыгына Юрий Хачатуровду Армения тарап сунуштагандыктан азыр аны бул кызматтан артка чакырып алууну да Армения тарап демилгелеш керек деген позициясын билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2008-жылы 1-мартта нааразычылык акциясына чыккан митингичилерди уруп-кууп таркатууда 10 жаран каза болуп, 250 митингичи жаракат алышкан.

“Взгляд” басылмасынан кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: