15-октябрда кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбеков КРнын экс-президенти статусуна ээ. Белгилүү болгондой, бул статус ага бир катар артыкчылыктарды, анын ичинде мыйзамда каралган жакшы пенсияны берет.
Каржы министрлигинин басма сөз кызматы экс-президенттин канча пенсия ала турганын журналисттерге айтып берди.
Маалыматка ылайык, экс-президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын аягына чейин 296 миң сом пенсия алат.
“Ушул жылдын аягына чейин Каржы министрлиги экс-президент Сооронбай Жээнбековго 296 миң сом өлчөмүндө пенсия бөлөт. Биз акча гана бөлөбүз, Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы анын өлчөмүн белгилейт. Кийинки жылы Жээнбеков кандай пенсия алат деп айта албайбыз”, – деди Каржы министрлигинин басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 6-октябрда Бишкекте массалык баш аламандыктар болуп, эл Ак үйдү басып алышкан. Абакта жаткан бир топ саясатчылар, аткаминерлер абактан бошотулушкан. Натыйжада, 5-6-октябрь окуялары Кыргызстандагы бийликтин алмашуусуна алып келди. Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр кызматтары Садыр Жапаровго өткөрүлгөн. Садыр Жапаров 14-ноябрда кызматын өткөрүп берип, президенттикке талапкерлигин койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ