Menu

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, башына суу куюп, сабаган зөөкүрдүн иши соттун кароосуна жиберилди

Бөлүшүү:

Буга чейин социалдык тармактарда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып, бетине уруп жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Алар Сузак районунун 1968-ж.т. тургуну Б.З. жана 1973-ж.т. М.Д. аттуу аялы болгон.

Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) жана КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан толук тергелип бүтүп, шектүүгө карата КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: