ӨКМдин берген маалыматына ылайык, 15-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
15-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, калган облустарнын айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
17-18-ноябрда жана 19-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
19-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ