Абдусаттор Бобоев же Домулло Абдусаттор 2015-жылы камалган. 2016-жылы мартта сот Тажикстандын “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсүн экстремизмге чакырык жасоо жана экстремисттик биримдик түзүү айыбы менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Бобоев айыптоолорду четке каккан.
Маркумдун сөөгү 26-мартта жакындарына жеткирилди. Абдусаттор Бобоевдин агасы Абдулмажиддин айтымында, бир тууганынын денесинен кыйноонун белгилери байкалган жок. Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган эмес.
Маркум өмүрүнүн акыркы жылдарында жүрөгү ооруп жүргөн.
Тажикстанда “Ислам кайра жаралуу партиясы” 2015-жылы ”экстремисттик” деп табылган жана анын ишмердигине тыюу салынган. Партиянын бир катар мүчөлөрү камакка алынган, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоочулар бул партияга жасалган кысымга байланыштуу бийликти айыптап жүрүшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ