Белоруссиянын өлкө башчысы Александр Лукашенконун жардамчысы, Гродный облусу боюнча инспектор Сергей Ровнейко пара алып жаткан жерден колго түштү. Укук коргоо органдары анын карамагына кирген маселелерди чечүүдө кайрылган адамдардан дайыма пара талап кылаарын тастыктоо максатында иликтөө жүргүзүшкөн. Лукашенконун буйрутмасы менен ыкчам иликтөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп жатып, кезектеги 200 миң доллар пара алып жаткан жерден колго түшүрүштү. Эми өлкө башчынын жардамчысынын 15 жылга эркинен ажырашы күтүлөт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ