Ош шаарында 78 жаштагы пенсионер уруп-сабап, тоноп кетишти. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 13-ноябрда саат 18:25 чамасында улгайган адам үйүнө кирип бара жаткан маалда белгисиз адам ага арттан кол салып, муунтуп, сабап баштаган. Ошондой эле шектүү жабырлануучунун чөнтөгүнөн 7 миң сомун алып, качып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ