Menu

Токаев Казакстанда орусиялык вакцинаны өндүрө турган завод куруу пландалып жатканын айтты

Бөлүшүү:

16-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус менен күрөшүүгө арналган жыйында өлкөдө Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрө турган завод куруу пландалып жатканын билдирди.

“Орусия президенти менен орус вакцинасын өндүрүү заводун куруу боюнча келиштик. Өкмөт ушул долбоорго инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады”, – деп билдирди ал.

Касым-Жомарт-Токаев “ата мекендик вакцинаны өндүрүшкө киргизүү – өкмөттүн алдындагы эң чоң тапшырма” экенин баса белгиледи.

“Маселен, эки ата мекендик вакцина перспективдүү дүйнөлүк биопрепараттардын катарына кирип, азыркы тапта аларга клиникалык сыноо жүрүп жатат”, – деди.

Токаев кеп кайсы вакцина жөнүндө болуп жатканын айткан жок.

Буга чейин Орусия өзүнүн ”Sputnik V” деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында президент Владимир Путиндин кызы, ошондой эле коргоо министри Сергей Шойгу да бар. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Орусиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшериш үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү экенин айтып келишкен.

14-октябрда Новосибирскидеги “Вектор” борбору экинчи вакцинаны иштеп чыкканы маалымдалган.

https://www.currenttime.tv/a/30938780.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: