Menu

Тажикстанда Ислам партиясынын экстремизмге айыпталган мүчөсү 15 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Исфара шаардык соту өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын Согди облусундагы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Наимжон Самиевди 15 жылга эркинен ажыратты. Ал сот тарабынан жардыруучу зат сактоого жана экстремизмге күнөөлүү деп табылды.

Соттолуучунун атасы Абубакр Самиевдин айтымында, уулу соттун бул өкүмү боюнча даттанууга ниеттенип жатат.

«Сот өкүмү менен биз макул эмеспиз. Анын кайра каралышын талап кылабыз. Уулумду алдап коюшту. Тергөөчүлөр ага жардыруучу зат сактоо боюнча күнөөнү мойнуңа алсак, анда мунапыс менен бошотобуз деп убада беришкен. Бирок соттун аягында аны экстремисттик топ түзүү беренеси менен дагы айыпташты», — деди ал.

Абубакр Самиев 2015-жылы милиция кызматкерлери алардын Исфарадагы үйүн тинтүүгө алып, короодон ок табышканын кошумчалады. Ал бул окту укук коргоо органдары атайылап эле ыргытып коюшкан деп эсептейт.

56 жаштагы Наимжон Самиев былтыр декабрда Чеченстандын борбору Грозный шаарында кармалган. Анда анын эмне себептен кармалганы расмий айтылган эмес. Быйыл февралда YouTube сайтына Наимжондун видеокайрылуусу жарыяланып, анда ал Москвадан Душанбеге өз каалоосу менен келип, бийликке багынып бергенин айткан.

Анын уулу Ахмадулло Самиевдин билдиришинче, былтыр июлда атасы документтерди алуу үчүн Казакстанга келгенде ага издөөдө экенин, тажик бийлиги аны алдамчылыкка жана ишкананы банкрот кылууга айыптап жатканын айтышкан. Бирок ал атасы Тажикстанда жашап жүргөндө эч кандай ишкананы жетектебегенин, партиянын иши менен алектенип, ишкерликке 2014-жылы Орусияга көчүп баргандан кийин киришкенин билдирүүдө.

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердүүлүгүнө 2015-жылы, өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода тарабынан уюштурулган козголоңдон кийин расмий түрдө тыюу салынган. Анда бийлик бул окуяларга Ислам кайра жаралуу партиясынын тиешеси бар экенин билдирип, анын жүздөн ашык тарапташы кармалып, ондогон мүчөсү соттолгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: