“Алмаз Атамбаев маалымат жыйынында: “Бизде МОССАД [Израилдин чалгын жана атайын тапшырмаларды аткаруучу кызматы – ред.] сыяктуу чалгын кызматы жоктугу өкүндүрөт. Жаныш Бакиевди таап туруп, үлгү кылып жазалоо керек” деп билдиргени эгер бизде МОССАД сыяктуу күчтүү чалгын кызматы болгондо Жаныш Бакиевди таап көзүн тазалап келмек эле” дегенди айтты,” – деп билдирди бийликчил саясый серепчи Токтогул Какчекеев КТРКнын “1-радиосуна” кечээ, 24-июлда Алмаз Атамбаевдин Чолпон-Атадагы N 2-мамлекеттик резиденциядагы маалымат жыйынына катышып чыгып.
Маалымат: МОССАД – Израилдин саясый чалгын жана чет өлкөлөрдө атайын жашыруун тапшырмаларды аткаруучу кызматы. Катарында 1200 кызматкери бар. Чет өлкөлөрдө Израилге каршы иш жүргүзгөн жарандарды уурдайт, өлтүрөт, жазалайт. Айрыкча Израилдин көз карашы боюнча мусулман топторунун экстремисттерин.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ