Ал документтеги Москвага каршы киргизилген санкцияларды алып салуудагы президенттин ыйгарым укуктарын чектөө тууралуу бөлүгү боюнча администрация Конгресс менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.
Жекшембиде Ак үйдүн коммуникациялар боюнча жаңы директору Энтони Скарамуччи СNN телеканалына берген маегинде Трамп азырынча жаңы мыйзамга кол коёр-койбосу боюнча бир чечимге келе электигин билдирди.
Ишембиде АКШдагы эки партиянын конгрессмендери Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча мыйзам долбоорунун текстин макулдашкан.
25-июлда документ Өкүлдөр палатасынын добуш берүүсүнө алынып чыгарылат. Америкалык мыйзамдарга ылайык, Конгресс ар бир палатадан добуштардын үчтөн бирин топтоо менен президенттин мыйзам долбооруна карата койгон ветосун жеңип чыга алат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ