Menu

Карамушкина Бекназаровго капа болуп…

Бөлүшүү:

18-июлда өткөн «Ата-Журт» партиясынын президенттикке талапкер көрсөткөн курултайында коомдук ишмер жана саясатчы Азимбек Бекназаров да чыгып сүйлөгөн болчу. “Бульдозер” аке президенттик жарышка чыгып жаткан саясатчыларды тандоодо алардын таза кыргыз экенине басым жасоо зарылдыгын айткан болчу. Ал муну менен Акаев доорунда калыптанган «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» принцибинен кайтууга чакырып, талапкерлиги көрсөтүлүп аткан А.Келдибеков жана К.Ташиев тууралуу: “Экөөнүн тең тага журту, ата журту, кайын журту таза кыргыздар. Кыргызстан кыргыздар үчүн керек, ал кыргыздардын мамлекети. Биздин саясат, биздин президенттер кыргыздар үчүн иштеши керек. Кыргызстандын мамлекети, кыргыздардын үйүн курушу керек. Акаев куруп кеткен “Жалпынын үйү” дегенди бузушубуз керек. Ошол “жалпы үйдө” өсүп, тарбияланып саясатка аттанган саясатчылар ким экенин, ал эми мекен үчүн, эл үчүн кызмат кылгандарды дагы айрып тааный турган мезгил келип жетти ”, – деген. Бирок ЖК депутаты И. Карамушкина Азикенин бул сөзүнө капа болуп, «Кыргызстан – кыргыздардын гана эмес, анда жашаган бардык улуттардын мекени» экенин айтып, Бекназаровго чара көрүүнү УКМКдан талап кылып атат. Эми дагы кандай оюн башталар экен?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: