Menu

Иса Өмүркулов президенттикке талапкерлерди теңине албаганын айтты

Бөлүшүү:

Кызык жагдай. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоодо кайсы талапкерди колдоого аларын чече элек. Эске салсак, ал буга чейин Аликбек Жекшенкуловдун ортого түшүүсү менен Темир Сариев болуп «Супарада» чай ичишип, жылуу маанайда баарлашкан эле. Кийин Өмүрбек Бабановдун курултайына да катышкан болчу. Анан КСДП фракциясынын лидери катары Сооронбай Жээнбековду колдогон съезде да төрдө отурду. Дагы бир жагдай, Иса Өмүркуловдун жакын досу Туйгунаалы Абдраимов да президенттик шайлоого аттанып атат…

Ошентип, шайлоого аттанган негизги фавориттер алдын ала байкалууда. Мындай жагдайда Иса мырзанын тандоосу кечигип атканы, кайсы бир талапкерди колдоо боюнча ачык айтпаганы эмнени билдирет?

Албетте, биз бул боюнча өзүнөн сурап, кызык жооп алдык. «Азыркы чыгып аткан талапкерлерди карагыла. Менден башка бир да саясатчы президенттикке жарабайт» деп тамашага сала жылмайды.

Чын эле. Баам салып көрсөк, Өмүркулов тажрыйбалуу, билимдүү саясатчы. Жаш кезинен комсомолдо иштеп, өндүрүш, чарба жаатында кыйла такшалган. Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышына депутат болгон. Бишкектин мэри ж.б. бир топ кызматтарды аркалаган. Оппозицияда оор жылдары жүрүп, элдин таламын талашуу жагынан өрнөк көрсөткөн… Аныгында, баскан изи жагынан баардык саясатчылардан алдыда турары талашсыз экен.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: