Menu

Аманбай Кайыпов кызматтан кетеби?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Нарын областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун ордуна «Замандаш» саясий партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдакматовдун талапкерлиги каралып жатыптыр деген кеп тарады. Чындыгында Аманбай мырза жакшы иштеди жана иштеп келе жатат. Анан болбогон бир шылтоо менен иштеп жаткан адамды алып ыргытуу акылга сыябы?! Албетте, Жеңиш Молдакматов жаш, иштин көзүн билген жигит, бирок, келечеги алдыда да. Ошондой эле Жеңиш мырза губернатор болуп келгенден кийин: «өз короомдон кочкор салам» деп жетекчилик кызматтарга партиялаштарын дайындап, мамлекеттин саясатын эмес, «Замандаш» партиясынын саясатын жүргүзсө кандай болуп калат?! Бул жагын дагы ойлонушубуз керек го… Негизинен бүгүнкү күндүн алкагында алып караганда Кайыповдун иштеп турганы эле бардык тараптан утуш алып келет.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: