Ушул жылдын 9- майында Кремль шаарында өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка катышуудан АКШнын президенти Дональд Трамп баш тартты. Бул тууралуу Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
“АКШ лидеринин келбей тургандыгы тууралуу маалыматты дипломатиялык каналдар аркылуу алдык”, – дейт Дмитрий Песков.
Ал эми аталган иш чарага АКШдан ким катышары азырынча белгисиз.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын ноябрь айында Дональд Трамп Москвада өтө турган 9-май Жеңиш күнүнүн 75 жылдык салтанатына катышууга кызыкдар экендигин билдирген.
Булак: “KyrgyzToday”
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ