Шаарыбыздагы «Дыйкан» базарындагы чуу дагы деле Чубактын кунундай чубалып келет. Бишкекте 30-августта «Дыйкан» базарына барчу жолду ачууга чогулган соодагерлерге Ленин районунун администрациясынын өкүлү жолугуп, митинг өткөрүүгө болбостугун айтып, тарап кетүүсүн талап кылды. Ленин районунун администрациясынын өкүлү «Дыйкан» базары ачылды» деп илинген жазууну алып таштап, чогулгандарды тарап кетүүсүн айтты. Ага макул болбогон соодагерлер: «Мындан ары базарды жапсаңар милициянын колуна өлүп беребиз. Анткени биз төрт айдан бери ишсиз калдык. Үйдө балдарыбыз ачка калды. Менин 14 балам бар. Керек болсо «Баатыр эне» деген наамым, алтургай майыптыгым бар» деди нааразы болгон соодагер Шарипа Шыйбырова.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ