Menu

Эки айдан бери кытай элчилигинин эшигинде күнгө күйүп турган студенттердин маселесин ким чечет?

Бөлүшүү:

Ар кайсы эле чет өлкөгө баруу үчүн алгач виза алуу керек. Бирок эки жылдан бери Кытайда окуган кыргыз студенттери үчүн виза алуу тозоктун тозогуна айланууда. Анткени былтыр бул өлкөнүн биздеги элчилигине терракт жасалгандан кийин текшерүү да, виза берүү да катаалдап, бир топ жайлап калган. Мындай бюрократиялык ашкере текшерүүдөн өткөн жылы студенттер окуусунан 1-2 ай кечигип баргандыгы да белгилүү. Бирок ошол көрүнүш быйыл да кайталанып миңге жакын студенттердин Кытайдан чакыруусу болсо да жок дегенде документин тапшыра албай азап чегишүүдө. Ошол эки айдан бери кытай элчилигинин эшигинде күнгө күйүп турган студенттердин айтуусунда, кырдаалды ортодогу ортомчу туристтик фирмалар татаалдантып жатышыптыр. Байкуш студенттерден эки эсе акча тапкан ал шылуундар 100 долларлык визага дагы ошончо сумманы кошуп, самолетко билетти да өздөрүнөн алууга мажбурлап атышыптыр. Элчилик берген жумасына 4 күндөгү убакыт менен электрондук кезекти да ээлеп алышкан. Бул тууралуу ТИМге, Консулдук департамент ал тургай УКМКга кайрылганыбызда “Кытай элчилигинин ишине кийлигише албайбыз. Ал эми жеке фирмаларды да текшерүүгө акыбыз жок. Андай факты болсо укук коргоо органдарына расмий арыз менен кайрылгыла…”,- деп, кыскасы иттен чыгарып кутулушту. Кыскасы, баягы эле студенттердин жонунан доллар тилген шылуун-шумпайлардын соодасы жүрүп атат…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: