Menu

Бабанов Сариевди сатып алганбы?

Бөлүшүү:

Амбициясына чек жок, элин эмес, өзүн жана мансапты, байлыкты жакшы көргөн саясатчылардын көбү популисттик кадамдарды, өзүнө кошомат кылгандарды абдан жакшы көрөт. Анан калса, эксперт, саясат таануучу деген сайда саны жок немелерге өзүн мактатып, элге өздөрүн укмуш адам кылып көрсөтүү маселесине да акча аябагандар арбын. Ошондойлордун ана башында Бабанов турат. Качып кеткен мезгилдерде, өзгөчө келээрде, келип сурак берип жаткан кезде да эксперттердин эки ооз мактоо кебине муктаж болуп турду. Ал эми дүжүр эксперттер болсо дүңкүлдөтүп, БӨТтү мактап, айрымдары аша чаап, БӨӨдөн, ЧӨӨ, чуңкурдан ТОО жасашып, чурулдап эле жатып калышты. Кээ бирлери уялбай эле Бабановду өкмөт башчыга жарактуу деп, анын таманын жалап жиберчүдөй сүйлөшөт. Марс Сариев деген саясат тануучубуз көп учурда салмактуу кеп айтканга аракет кылчу эле, акыркы учурда Бабанов тууралуу чындыкка жакын келбеген, былжырак кепти айтып келет. Көп эле саясат таануучу дегендер саясатчыларды бекер эле мактай беришпейт. “Кур аякка бата жүрбөйт” – деген кепти ураан кылып алгандар да бар.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: