Menu

Эки Өмүрбектин учурдагы абалы жана амалы

Бөлүшүү:

Негизи Өмүрбек аттуулар дайыма саясаттын казанында кайнап келатканы бекерден эместир? Алардын баарына токтолуп отуруунун кажети жок. Ошондуктан сөздү чаргытпай ток этеринен баштайлы.

Эки жыл жети ай камакта жалгыз жаткан Өмүрбек Текебаевдин азыр бакылдап турган убагы. Ар кайсы жерде ар кандай өңүттө кеп улаган бул кишинин айтылган сөзүнө тарапташтары алаканы жооруганча чапкылап жатканына ичи сыйрылгандар деле жок эмес. Маселен, кезинде спикерликтен, өкмөт башчылыктан, жылуу ордунан жылмышкандардын башкы себепкери ушул адам болгонун алар өмүрү унутпайт. Азыркы мамлекеттин деле биринчи адамынын эркине койсо абал өзгөрүүсүз калмак. Тилекке каршы кырдаал курчуп кеткендиктен “стрелканы” айласыздан оң тарапка жылдырды. Антсе да келечекте Өмүкең эски адатына салып лөктөрдү кажып баштаары турган иш акталып алган соң. Жаңыдан эркиндикке чыккандагы ширин кептерге ынануунун кереги жок экенин карт карышкырлар айттырбай эле сезип турушат.

Акмандагы сөзүндө ал качып жүргөн Мелис Мырзакматовго токтолуп өттү. Жөн жерден эмес, акырын коңгуроо кагып койду бийликтин билермандарына. Анткени чо-оң күрөш башталганы турат. Шайлоонун шайтан оюндарын катыра жасоо үчүн Текебаевге Мырзакматовдун суудай зарылдыгы бар. Оштун ичинде дале болсо анын жактоочулары кулагын шыбыр кепке тосуп турганы ырас. Демек, Мелистин жолун шыдыр кылууга эми аракеттер чамдай баштайт. Бул “мотордун” күрүлдөп жүрүшүнө Өмүке Акмандан сигнал таштап койду. Анын үстүнө финансылык таңкыстыкты толтурууга качып жүргөн кишинин мүмкүнчүлүгү бар. Дале болсо Оштогу бизнесинен түшкөн акчаларды кудасы каргага чокутпай жыйнап жүрөт керекке жарайбы деп. Жашылбайлары жайлуу жерге түшкөн үчүн Меликең беймарал алыста жүргөнү ырас.

Ал эми Айгүлдүн Раисага коңгуроо какканын деле “ак пейилден” айткан жок. Мына мурдагы ажонун аялы да саясатка аралашкан дегенди билмексен болуп белгилеп койду. Кокуйдун баары ачылган соң мындан ары Раисага да тынч жашоо жоголду десек болот. Баары мыйзамдын чегинде болсун азыркы камактагыларга дегени менен ал “атаандашынын” командасындагыларга такыр боор тартпасын деле алаканга салгандай көрүүгө болот, же калппы? Эгерде эле “мародерлукка” кептелип кесилип кеткен Райкан Төлөгөновду актап алса анда “Ата Мекенчилерге” болгон доомат толугу менен жер үстүнөн “көккө” ыргытылат. Буйруса анын жыйынтыгын да көрөбүз. Айтор, бош убактысында далай пландарды мээсинде бышырып чыккан кишинин дагы көптөгөн “фокустарына” күбө болобуз. Саясат дегенде дос болбойт, болгону кызыкчылык жашайт. Күжүлдөгөн күздө ак үйдөгүлөрдүн түшүнөн кеткис болумуштарды көрбөйбүз десек кашыктагы сууга чөгүп өлөбүз.

Эки жылга чукул жигердүү өмүрүн Москвада жоготкон Өмүрбек Бабановдун ыргыткан чүкөсү таа конду дегенден алыспыз. Анткени ушул мезгилди ал мүнөт санап, календардын барактарын кызылга боеп, касиеттүү кыргыз жерин сагынып жүрүп өткөрдү.

Алмазбек Атамбаев камалар замат шамалдай учуп келди. Эч ким тийген жок, кыр көрсөткөн бирөө болбоду. Эми мунун чоо-жайынан кеп кылсак сөзүбүз супсак тартып калат. Бийлик тараптан “добро” берилгенин эле кыстара кетсек жетиштүү болот. Ал эми сурак, пурак деген керек болсо узакка созула берчү иш. Эзелтен бери куйрук болуп калдырап келаткан банк чатагы, машине базары, ири көлөмдөгү кредит, НТС каналы боюнча канча ирет суралганын өзү да билбей калды. Элди козутту деген иштери деле зарыл болсо жабылып калат. Туурасын айтканда коомчулуктун көзүнө сурак кылгандай көрүнүштү жаратуу байкалып турат.

Акыйкатын айтканда дебатта айтылган 25 суроого бизнестин иче-кардына мык каккан кыраан жигит Москвадагы эле жолугушууда “жуучуларга” берчүсүн берип, камдуу жөнөткөнү айдан-ачык болду го деген шек-шыбаттар эл ичин аралап кетти. Талылуу маселени кантип чечүү керектигин биротоло өздөштүргөн олигарх кирпик ирмелгенде эле ченеп-бычып коеру журтчулукка маалым эмеспи. Эгерде көк ташка отурган кембагал болгондо качмак да эмес, башын кумга тыкпайт да эле. Ага “делегаттар” барып кырдаалдын маанисин түшүндүрмөк тургай жылуу саламын беришмек эмес. Токочтуу, тондуу адам сүйкүмдүү болорун турмуш эбак тастыктап койбодубу. Демек, байлардын заманы бүтө элек.

Арийне, партиясында, фракцияда кеткен жараканы бүтөш оңойго турбайт. Жака-белине учурда өтө ишеничтүү санаалаштарын гана жыйганын көрүп жатабыз. Тазалануу, жаңылануу процессин Бабанов абдан кылдат жүргүзүүгө бет алары шексиз. Себеби, шайлоонун шарапатында ийриленбегендерди топтобосо жеңилүү ызаасына кабылып калышы ыктымал. Үркүнбайда үмүт чоң дегенге маани берсек эптеп өлкөгө буту жеткен адам жети өлчөп анан кесүүгө умтулаары турган иш. Акчанын кадырын билген киши абайлап маселе чечүүгө ашыгат. Баары бир Өмүкенин ичкени ирим, жегени желим болуп турганына күмөн саноонун зарылдыгы жок. Тоо тараптан соккон жел бороонго айланып кетпешине эч ким кепилдик бере албайт. Саясаттын асманында дайыма эле ак булут каптап турат дегендин өзү калп. Бабановду ошол кара булуттан сактасын деп санаага баткандар бийликтин кабак-кашына баам салганы жөн жерден эместир…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: