Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуевдин өзүм билемдик иштери боюнча буга чейинки чыгарылыштарыбызда узун сабак кеп кылдык эле. Тилекке каршы али күнчө чара көрүлө элек. Дегенибиз, аталган министрликтеги кайсы бир бөлүмдүн башчысы Анара Беккулиеваны министрдин орун басары рангындагы жетекчи деген тастыктама катты Башкы прокуратура мыйзам бузуу менен жазылганын билдирген. Бирок, аны жазган жетекчиге деле, жазганга буйрук берген министрге эч кандай чара көрүлгөн жок. Демек, Башкы прокуратуранын иликтөөсү «бармак басты, көз кысты» менен токтотулдубу? Же министр Чодуев табылгыс анан калса кол тийгис кадрбы? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып өз билгенин кыла береби? Биздин гезиттин өткөн сандарында жазылган сын-пикирге езү жооп берүүгө макул болгон. Бирок өкмөттүн жыйынына кетти деген шылтоо менен буйтап кетти. Суроолордон буйтаган менен мыйзамдан да буйтаганга алыңыз жетеби, Эркинбек мырза!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ