Бүгүн, 27-июнда журналист Дайырбек Орунбеков президент Алмаз Атамбаевдин моралдык чыгымын калыбына келтирүүчү каражат катары 200 сом акчаны анын эсебине которду. Бул тууралуу журналист Орунбеков ѳзү билдирди.
Эскерте кетсек, журналист Дайырбек Орунбеков 2010-жылдагы Ош кандуу коогалаңына Убактылуу ѳкмѳттү айыптап, анын катарында Атамбаевдин атын да атаган. Президент журналистти кадыр-баркыма шек келтирди, Ош коогалаңына жоопкерчилигим жок деп сотко берип 2 000 000 сом доо утуп алган. Аталган доону тѳлѳѳнүн башы катары Орунбеков бүгүн Атамбаевге 200 сом ѳлчѳмүндѳ акчаны банк аркылуу которду.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ