Кечээ, 5-февраль күнү Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев каза болду. Бул тууралуу анын туугандары журналисттерге билдиришкен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Айдар Акаевдин күтүлбөгөн жерден жүрөгү токтоп калган.
Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда туулган. Акаевдин тун уулу 1998-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Назарбаевага үйлөнгөн. Бирок, 2001-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн.
2002-жылы “НБТ” телеканалынын алып баруучусу Сайкал Чокубаевага үйлөнгөн. Экөө бир кыз, бир баланын ата-энеси.
2005-жылкы револициядан кийин Акаевдин үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткенден кийин Айдар Акаев бизнес менен алектенген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ