Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир катар мал уурулук жасагандыгы үчүн шектелип 46 жаштагы Бөкөнбаев айылынын тургуну Ж. Нурбай кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
21-июнь күнү мал уурулук үчүн шектелип кармалган Ж. Нурбай, “Кашка-Суу” жайлоосуна барып, өзүнүн топоздорун айылга түшүрүп жатып, Туура-Суу-2 айылынын тургундарына тиешелүү болгон 3 баш топоздорун уурдап кеткен. Уурдалган малдарды айылына алып келгенден кийин, кылмышты жашыруу максатында малдарга басылган тамгаларын өзгөрткөн.
Аталган 3 факты боюнча Тоң РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165- беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иштери козголгон. Уурдалган малдар ээлерине кайтарылып берилип, кылмышка шектүү катары кармалган Ж. Нурбай, эч жакка кетпөө тил катында калтырылды.
Козголгон кылмыш иштеринин негизинде тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ