2017-жылдын 17-сентябрында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Барын айылынын 37 жаштагы М.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 12-сентябрь күнү аны эки белгисиз азият улутундагы жашы 25, 30 жаштардагы атуулдар кара түстөгү «Мерседес» үлгүсүндөгү унаага салышып, Ош шаарындагы эски аэропортко алып барышып, ПМ үлгүсүндөгү курал менен башына такап, уруп, 190.000 сом акча талап кылып окуя болгон жерге таштап кеткен.
Бул окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында кылмышка шектүү катары эки жаран кармалган. Алар 24 жаштагы К.С. жана 36 жаштагы С.А. аттуу Ош облусунун тургундары болушкан.
Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 170-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ